Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков “Манас” аэропортунун жанындагы учак кырсыгында жабыркагандарга жардам көрсөткөн ыктыярчылар менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 4-февралда өткөн жолугушууда премьер ыктыярчыларга ыраазылык билдирип, бул кыймылды өлкөдө жайылтуу зарылдыгын белгиледи.
Жолугушууда учак кырсыгынын кесепеттерин жоюу боюнча маалымат берилди. Маалыматка ылайык, кырсыктын себептерин аныктоо боюнча комиссия иш алып барып жатат. Ал эми кырсыктан турак жайсыз калган 11 үй-бүлө бардык шарттары бар, убактылуу батирлерге көчүрүлгөнүн өкмөт өкүлдөрү билдиришти.
16-январдын таңында Бишкектеги "Манас" аэропортунун жанындагы Дача СУ айылына Гонконг-Бишкек-Стамбул каттамындагы учак кулап, 39 адамдын өмүрүн кыйылган. Мындан соң жабыркагандарга көмөк көрсөтүү боюнча ыктыярчы топтор акцияларды өткөргөн. (BkA)