Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жолдордо акыркы эки күндө 17 жолу кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кар көчкүлөр Бишкек-Ош, Казармаy-Нарын, Ала-Бука-Киров, Сары-Таш-Карамык жолдоруна түшкөн. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды алыскы жолго чыкпай турууга чакырууда. (BkA)