Кыргызстандан Евробиримдикке экспорт көбөйдү

Кыргызстандан Евробиримдик өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү былтыркы жылдын 11 айында 53 пайызга көбөйүп, 66,7 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандан Европага негизинен айыл чарба азыктары, төө буурчак, бал, кийизден жасалган кездемелер сатылган. Европага экспорт жаатында өлкөдөгү 50дөн ашык ишкана иш алпарган.

Былтыр январнда Европа биримдиги Кыргызстанга Жалпы жеңилдиктер системасын колдонуу макамын берген. Бул артыкчылык макамына ылайык, кыргызстандык экспортчулар Европага ташый турган товардын алты миңден ашуун түрүнө бажы төлөмүн төлөбөйт. (BkA)