Ошто тумандан улам учактар токтоп турат

Ош аэропортуна тумандан улам быйыл январда да бир нече жолу учактар коно алган эмес.

Ош эл аралык аэропорту туманга байланыштуу учактарды кабыл албай жатат. Бүгүн түштөн кийин аба ырайы начарлап, Бишкек-Ош багытындагы эки каттам аткарылбаганын “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди. Жүргүнчүлөр бир учак Ошко коно албай Бишкекке кайра келгенин кабарлашууда.

Аталган аэропортко Бишкектен тышкары, Орусиянын түрдүү шаарларынан, Үрүмчүдөн, Дубайдан жана Стамбулдан учактар конот. (SE)