АКШнын Бириккен улуттар уюмундагы жаңы элчиси Никки Хейли Орусиянын Украина чыгышындагы аракетин кескин сындап, Москвага каршы санкциялар алынбай турганын эскертти.
Хейли 2-февраль күнү БУУнун Коопсуздук кеңешинде АКШнын элчиси катары ант бергенден кийин:
-Крым Украинанын бөлүгү болуп саналат. Орусия жарым аралга орноткон көзөмөлдү Украинага өткөрмөйүнчө санкциялар күчүн жоготпойт,- деди.
Орусия 2014-жылдын жазында Крымды аннексиялап алган. Орусиянын бул кадамын дүйнөнүн 99 мамлекети мыйзамсыз деп эсептейт.