Кыргызстан-Өзбекстан: чек арадагы элдин кыялы
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чыңалуулардан улам эки өлкөнүн чек аралары бир нече жылдан бери ачылбай келатат. Ушу күндөрү өткөрмө бекеттерден машине менен эмес, жөө өтүү да оңойго турбайт. Бир кезде Ташкентке, Анжиянга же Ферганага саат сайын каттаган Оштогу автобустар болсо кыял бойдон калууда.