Нарын: маянага тете жарык акысы
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ушул тапта Нарын облусунун айрым жерлеринде сууктун күчү -40 градуска жетип атат. Кыш чилдеси күчүндө турганда электр энергиясы менен үйүн жылыткандар жарык акысы бир айда тапкан акчасынан ашып жатканын айтышууда. Мындан улам жергиликтүү кеңештин депутаттары жогорку бийликке электр энергиясына болгон 1000 киловаттык чектөөнү 2000 киловатка көбөйтүп берүү суранычы менен кайрылуу жолдошту.