Канадада мечитке кол салууга шектүү адам кармалды

Кол салуу болгон жер.

Канаданын Квебек шаарындагы мечитке кол салып, алты адамды өлтүрүүгө шектелген адам кармалды. Ал теги француз 27 жаштагы Александр Биссоннетт экени кабарланды.

Мурдараак полициянын басма сөз кызматы эки киши кармалганын маалымдаган эле. Алардын бири Канада жарандыгын алган теги марокколук адам экени, күбө катары сурак берип жатканы айтылууда.

29-январда намаз учурунда мечитке кол салынып, белгисиз адамдын огунан алты адам көз жумган. Сегизи киши жараат алган.

Өкмөт башчы Жастин Трюдо жана Квебек шаарынын акими Филипп Кояр бул окуяны “мусулмандарга каршы теракт” деп атаган.