Баш прокурор жарандардын укугу боюнча президентке маалымат берди

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, жемкорлукка каршы жүрүп жаткан күрөш тууралуу маалымат сурады.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Жолдубаева өлкө аймагында мыйзамдуулукту сактоо, ишкерлердин укугун коргоо, эркин экономикалык ишмердикке шарт түзүү жаатында жасалган жумуштарды айтып берди.

Атамбаев жарандардын укугун коргоодо мамлекеттик органдар жоопкерчиликти сезиши зарылдыгын белгиледи жана бул жаатта ишти солгундатпоону тапшырды.

Эки күн мурун эл аралык “Фридом хаус” укук коргоо уюму дүйнөдөгү жүздөн ашуун мамлекеттер боюнча баяндама даярдап, Кыргызстанды “жарым жартылай эркин” мамлекет деп сыпаттаган. (SE)