Коомдук уюмдар тарабынан кырсыктан жабыркагандарга акчалай жардам чогултуу уланууда. “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фондунун эсебине 1-февралга карата 2 млн сом чогулганын фонддун жетекчиси Хабиб Арзыкулов маалымдады. Анын айтуусунда, фонд ачкан эсептерге кыргызстандыктардан тышкары АКШ, Орусия, Түркия жана башка чет мамлекеттерде жашаган мекендештер да акча которушкан.
Ошондой эле Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жалпы өлкөдөгү мечиттер тарабынан дээрлик 4 млн сом чогултуп, 30-январь күнү кырсыктан жабыркагандарга таратып берди. Муфтияттын маалыматы боюнча, кырсыктан набыт кеткендердин ар бирине 100 миң сомдон, ал эми ооруканадагыларга 20 миң сомдон берилген. Калган каражат кырсыктан жапа чеккендерге берилмекчи.
Буга чейин муфтияттын 166 кызматкери бир күндүк эмгек акысы - 105 миң 700 сомду ӨКМ тарабынан ачылган эсепке которуп беришкен.(ZKo)