Ошто “Дордой” менен “Балкан” футбол командалары беттешет

Эки команданын өкүлдөрү

Бишкектин “Дордой” футбол командасы түркмөндөрдүн “Балкан” клубу менен беттешет. Алар Азия конфедерациясынын кубогу үчүн таймашышат. Оюн бүгүн түшкү саат экиде Оштогу Сүйүмбаев атындагы стадиондо өтөрүн өлкөнүн Футбол федерациясы кабарлады.

“Дордой” футболчулары салттуу сары-көк, коноктор кызыл кийимчен.

Эки команданын кийинки беттеши 7-февралда Түркмөнстанда өтөт.