АКШ мамдепартаментинде “макул эместердин меморандуму” даярдалууда

Активисттердин Трампка каршы жүрүшү. 29-январь, 2017-жыл.

Жети ислам өлкөсүнө карата президент Трамп тарабынан киргизилген убактылуу чектөөлөр анын администрациясында жикти пайда кылды деп жазат "Нью-Йорк таймс" гезити. Бюрократтар президенттин жардыгын аткарууга аракет кылып жатышат, аскер жетекчилери Ирактагы өнөктөштөр менен мамилеге доо кетип калуусунан кооптонууда, дипломаттар болсо президент жардыгынын эл аралык коомчулукта кабыл алынбасын кыйытышууда, деп жазылган макалада.

Гезит ошондой эле Мамдепартаменттин коридорлорунда “диссиденттик маанай” байкалып, дипломаттар 200 миллион чамалуу чет элдиктерге эшикти жаап салуу коопсуздукту камсыз кылбай эле, тескерисинче коркунучтарды күчөтөт деп эскертип жатышканын белгилейт.

Макалада жазылгандай, “Өзгөчө пикирдеги” кызматкерлердин меморандум демилгеси өткөн апта соңунда көтөрүлүп, жүздөн ашуун кишинин колу коюлган.

АКШ мамдепартаменти меморандум бар экенин дүйшөмбүдө ырастады. Ага ылайык, кызматкерлер өздөрүнүн пикирин билдирүүгө укуктуу жана буга чейин да мындай учурлар катталган. 2016-жылы жайында мамдепартаменттин айрым кызматкерлери мурдагы президент Барак Обаманын Сирия саясатына каршы “өзгөчө пикирдеги” кат жазып, департаменттин ошол кездеги жетекчиси Жон Керриге тапшырышкан.