28-декабрда Анталияда сабалып жолдун жээгине ташталган Малика Ноотиеванын башына 30-январда экинчи ирет операция жасалды. Анда баш сөөгүнүн кээ бир жерлерине пластик коюлган.
Реанимациядан чыккан бейтап жанына келген ата-энесин тааный алган эмес. Догдурлардын айтымында, бейтаптын акыл-эси мындай оор операциядан кийин өз калыбына акырындап келет. Бул тууралуу Маликанын жанында жардам берип жаткан мекендеши Гүлмира Исабекова билдирди:
- Биз азыр адвокат жалдадык. Ал иштеп жатат. Ооруканага, дарыланууга кеткен чыгымдардын баарын кармалган кишилерден төлөтүп калууга аракет кылып жатабыз. Болбосо мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөт.
1994-жылы туулган кыргызстандык жаран 27-декабрда Анталия шаардык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда түшкөн. Аны ур-токмокко алып, автоунаадан ыргытып жиберишкен деген божомол айтылган. Жанында эч бир документи жоктугунан тек-жайы аныкталбай, кийинчерээк кыргыз жараны экени белгилүү болуп, жакындары табылган эле. Бул кылмышка шектүү бир түрк жараны кармалып, эки кишиге издөө жарыяланган. (ElB)