Германияда Геббельстин мурдагы катчысы 106 жашында дүйнөдөн өттү

Брунгильда Помзель

Германияда 106 жаш курагында Үчүнчү Рейхтин эл агартуу жана пропаганда министри Йозеф Геббельстин мурдагы жеке катчысы Брунгильда Помзель дүйнөдөн өттү.

Ал улутчул немис бийлигинин жетекчилери менен түздөн-түз иштешкен акыркы кызматкер болчу деп жазат “Немис толкуну”.

Помзель 27-январда, Мүнхендеги үйүндө үзүлгөн.

Ал 1942-жылы катчылыкка орношуп, 1945-жылдын 1-майына дейре – Геббельс өзүн-өзү өлтүргөнгө чейин кол алдында иштеген.

Помзель концлагерлердеги кордуктар, Холокост тууралуу жалпысынан эч нерсе билбегенин айтканы менен, кайсы бир деңгээлде өзүн айыптуу эсептерин да белгилеген. Ошондой эле ал жапырт өлтүрүүлөр “тыкыр кайтарылган сыр” болгонун да эскерет.

Помзель согуштан көп өтпөй кармалып, беш жыл абакта отуруп чыккан.