Францияда жекшембиде өткөн башкаруучу Социалисттик партиянын праймеризинде өлкөнүн мурдагы билим берүү министри Бенуа Амон утту. Ал талапкер катары чыгуу үчүн 60 пайыздай добуш алып, мурдагы премьер-министр Мануэль Вальсты артта калтырды.
- Азыр биз жашап жаткан дүйнө буга чейин болуп көрбөгөндөй туруксуз болуп турат. Дональд Трамптын АКШда бийликке келиши, Путиндин Европага басымы, Жакынкы Чыгыштагы абал, ислам терроризминин коркунучу, климаттык өзгөрүүлөр,- деген Амон көйгөйлөр менен коркпостон күрөшүүгө чакырды.
Францияда шайлоонун биринчи туру 23-апрелде, экинчиси кийинчерээк өтөт. Азырынча талапкерлер арасынан алдыда мурдагы экономика министри, көз карандысыз талапкер Эммануэл Макрон, “республикачы” Франсуа Фийон жана ультра оңчул “Улуттук фронттун” лидери Марин Ле Пен келатат.