Нью-Йоркто кыргыз жана америкалык музыка чеберлери концерт берет

Азамат Сыдыков

Азамат Сыдыков

Нью-Йоркто кыргыз фольклору менен классикалык музыканын концерти өтөт. Концерт 16-мартка пландалып жатканын пианист Азамат Сыдыков “Азаттыкка” билдирди. Анда кыргызстандык жана америкалык музыканттар: Кайра Кошоева, Элвира Абдилова, Перизат Көлбаева, Нурмира Гринберг, Николета Раллис жана Жонатан Левин өз чеберчилигин көрсөтөт.

Концерт Нью-Йорк шаарындагы белгилүү Кауфман музыка борборунун Меркин концерттик залында өтөт.