Азимжан Аскаров абакта ачкачылыгын улантууда

Азимжан Аскаров

Июнь окуясы үчүн соттолгон укук коргоочу Азимжан Аскаров ачкачылыгын токтотту деген маалыматтар чындыкка жатпайт. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдрасулова “Азаттыкка” билдирди. Ал учурда “Аскаров ачкачылыгын токтотту” деген жалган маалыматтар коомчулукту адашууга түртүп жатканын билдирди.

Ошол эле учурда Азиза Абдрасулова Аскаровдон ачкачылыкты токтотууну суранган кайрылуулар көп болуп жатканын айтып, анын өмүрүн сактап калууга арналган акция жүрүп жатканын кошумчалады.

28-январда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Коомдук байкоочу кеңешинин төрайымы Чолпон Өмүрканова Аскаров менен жолугушууда ачкачылыкты токтотуу өтүнүчүн айткан. Аскаров буга жоопту дүйшөмбү күнү берерин билдирген.

2010-жылдагы июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Аскаровдун иши БУУнун сунушу менен кайра каралып чыгып, бирок 24-январда ошол эле өкүм күчүндө калтырылган.

Адвокаттар Чүй облустук сотунун өкүмүн акыйкатсыздык деп атап, Жогорку Сотко кайрыларын айткан. Бул өкүмгө Аскаров өзү да нааразылык билдирип, түрмөдө ачкачылык жарыялады. (SDz)