Дача СУ: жабыркагандарга документтер бериле баштады

Дача СУ айылы, 18-январь, 2017-жыл

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев 16-январда Дача СУ айылындагы учак кырсыгынан жабыркаган тургундардын көпчүлүгү өз паспортторун калыбына келтиргенин билдирди.

«Семетей» мейманканасында өткөн көчмө кеңешмеде Сарпашев атайын каттоо кызматынын мобилдик тобу оорулуу жана жетүүгө мүмкүнчүлүгү жок жабыркагандардын турак-жайына барып, бардык документтерди калыбына келтиришерин кошумчалады.

Өз кезегинде Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев дарыгерлер жана психологдор тарабынан тийиштүү медициналык жардам көрсөтүү иши улантыларын ырастады.

16-январда Гонконг-Бишкек-Стамбул багытындагы “Боинг 747” жүк учагы “Манас” аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна кулап, 23 үйдү талкалап кеткен. Кырсыктын кеcепетинен 39 адамдын өмүрү кыйылып, он чакты адам жаракат алган. (SDz)