Трамптын кеңешчиси: Орусиядан санкцияларды жоюу маселеси каралышы мүмкүн

Келлиэнн Конуэй.

АКШнын президенти Дональд Трамптын кеңешчиси Келлиэнн Конуэй администрация тарабынан Орусияга карата санкцияларды алуу маселеси каралышы мүмкүндүгүн божомолдоду. Бул тууралуу ал Fox News телеканалына берген маегинде билдирди.

Буга чейин CBS каналынын суроолоруна жооп берип жатып Конуэй, 28-январга белгиленген Трамп менен Путиндин телефон сүйлөшүүлөрүндө актуалдуу маселелерди чечүү жолдору жана “ислам террорчулугу” менен күрөшүүнүн биргелешкен кадамдары талкууланарын билдирген.

Өз кезегинде Конуэй телефон сүйлөшүүлөр ким тарабынан демилгеленгендигин айткан эмес. Ал эми орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков телефон сүйлөшүүлөрдө кеңири проблемалар талкууланаарын айтып, кайсы маселелер экенин тактаган эмес.

Трамптын маалымат катчысы Шон Спайсер ишемби күнү АКШ президенти орус президенти менен катар Германия, Франция лидерлери менен да телефон аркылуу сүйлөшөрүн билдирген. (SDz)