Йемендеги аскерий чатактын айынан өлкөнү жапырт ачкачылык капташы мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун чукул жардам боюнча координатору Стивен О'Брайен билдирди.
БУУ өкүлүнүн айтымында, 10 миллионго жакын йемендиктерде азык-түлүк тартыш. Анын эки миллиондон ашыгы жаш балдар. Ошондой эле О'Брайен бомбалоо токтобой жатканы үчүн гуманитардык жагдай да начарлап баратат дейт.
Йемендеги аскерий жаңжал 2014-жылы сентябрда башталган. Шиит азчылыгынын өкүлдөрү – хуситтер Ирандын колдоосу астында эл аралык коомчулук тааныган Йемен өкмөтү менен согушууда. Йемен өкмөтүн Сауд Арабиясы жетектеген коалиция колдоодо.
Мунун айынан өлкөдө он миңге жакын адам өлдү.