Жума күнү дүйнө жүзүндө Холокост курмандыктары эскерилүүдө. Бул эл аралык эскерүүгө байланыштуу көптөгөн шаарлардын музейлеринде, мемориалдарында иш-чаралар өтүүдө.
БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад Аль-Хусейн буга байланыштуу атайын билдирүү жасады.
- Улутчулдук режим тарабынан жөөттөргө, цыгандарга, славяндарга, майыптарга, саясий диссиденттерге, кумсаларга жана башка адамдарга карата садисттик мыкаачылык пропаганда толкуну менен биринин артынан бири болуп турган, - деп ал убакты эскерет Аль-Хусейн.
Башкы комиссар адам укуктарын, сөз эркиндигин коргоого, антисемитизм, расизм сыяктуу дискриминациянын бардык түрүнө каршы күрөшүүгө чакырган.
1945-жылдын 27-январында Советтик армия Освенцим концлагериндеги туткундарды бошоткон. Тарыхчылар Холокост курмандыктары алты миллионго жеткен деп эсептешет.
Холокостту эскерүү күнүн 2005-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы негиздеген.