Жалал-Абад шаардык кеңештеги жаңы коалиция ыдырады

Шаардык кеңештин депутаттары.

Шаардык кеңеште 12-январда жаңыдан түзүлгөн “Биримдик” аталышындагы көпчүлүктү түзгөн коалициядан “Республика - Ата Журт” фракциясы чыкты. Муну менен коалиция бузулду. Бул тууралуу аталган фракциядан “Азаттыкка” билдирди.

“Республика - Ата Журт” шаардык кеңештеги фракциялар ортосундагы ынтымакты сактоо максатында ушул кадамга барганын түшүндүрүүдө.

Жалал-Абад шаардык кеңешине Социал-демократтар, “Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика-Ата Журт” жана “Кыргызстан” партиялары өткөн.

“Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика-Ата Журт” партиялары 12-январда коалиция түзгөнүн жарыялап, алгачкы сессиясын чакырышкан.

Бул жыйынды оппозицияда калган фракциялар мыйзамсыз деп ырастап, сотко кайрылган. Жалал-Абад райондор аралык соту Социал-демократчылардын арызын канааттандырган жок.

Шаардык прокуратура шаардык кеңештин ишин сот жараяны бүткөнчө токтотуп койгон эле.(RsK)