Жалал-Абад: сот КСДП арызын канааттандырган жок

Жалал-Абад шаары.

Жалал-Абад райондор аралык соту шаардык кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын арызын канааттандырган жок. КСДП менен “Кыргызстан” фракциялары биригип шаардык кеңештин 12-январдагы алгачкы сессияcы мыйзамсыз өтүп, алар шаардык кеңештин төрага орун басарын шайлоого акысы жок эле деген жүйө менен сотко кайрылган.

Жалал-Абад шаардык кеңешине Социал-демократтар, “Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика-Ата Журт” жана “Кыргызстан” партиялары өткөн. “Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика-Ата Журт” партиялары 12-январда коалиция түзгөнүн жарыялап, алгачкы сессиясын чакырышкан. Бул жыйынды оппозицияда калган фракциялар мыйзамсыз деп ырасташууда. Мындан улам шаардык прокуратура шаардык кеңештин ишин сот жараяны бүткөнчө токтотуп койгон эле.(RsK)