Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети “Мегаком” уюлдук операторуна байланыштуу 2010-2012-жылдардагы коррупциялык иштер боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялады.
Анда 2010-жылы “Альфа Телеком” компаниясынын 49 пайызы гана улутташтырылып, кызыкдар тараптар калган 51 пайыз акциясын каржылык көз боёмочулук кылуусуна атайлап шарт түзгөнү айтылат.
УКМК ошондой эле Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясы мыйзам бузуу менен узартылганы аныкталганын билдирүүдө.
Коопсуздук комитети ошол кездеги юстиция министри Аида Салянованын жоопкерчилиги болгонун, бул боюнча козголгон кылмыш иш иликтенип жатканына көңүл бурган.
УКМК «Penwell Business Limited» компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстандагы кызмат адамдарына ири суммадагы акча бергени боюнча маалыматты текшерген.
Каражаттын бир бөлүгү “Альфа Телеком” компаниясына көзөмөлдүк кылууга салым кошкондорго сыйлык иретинде берилгени кабарланган.
“Өмүрбек Текебаевдин акча алганы тууралуу маалыматтар “Ата Мекен” фракциясынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахманов тарабынан бир нече жолу басма сөз каражаттарына айтылган”, - деп белгиленген атайын кызматтын билдирүүсүндө.
Бул фактыларды далилдөө үчүн маалыматтар текшерилип жатканын УКМК кабарлады.
Буга чейин Өмүрбек Текебаев Абдрахмановду "Мегакомго" байланыштырып, ал тууралуу жалган маалымат таратты деп сотко берип, утуп алган. "Ата Мекен" партиясынан билдиришкендей, сот чечими менен Абдрахманов Текебаевге 100 миң сом төлөп берген. (BkA)