Ош: жаңы автобустардын көйгөйү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ошто Орусиядан сатылып алынган 30 автобус бир ай иштебей жатып четинен бузула баштады. Анан калса бул ЛИАЗдар майды ашыкча көп ичкендиктен айдоочулар күндөлүк планды толтура албай жүдөп жатышканы айтылууда. Эми автобустар паркы жол кирени кымбаттатууну шаар депутаттарынан суранууга аргасыз болуп жатат.