Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукка каршы күрөш талкууланды

Окуучулар.

Бишкекте өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту азайтуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жыйында акыркы учурда мектеп окуучулар арасында ар кыл мушташтарды болтурбоо жана алдын-алуу маселелери талкууланды.

Жыйынга ИИМ, шаардагы мектептердин жетекчилиги катышты.

Акыркы учурда мектеп окуучулар арасында мушташ көп катталууда. Ушул айда Кочкордо мектеп окуучулары бычакташып, бир окуучу каза болгон. Андан соң Араван районунда, Нарын шаарында мектеп окуучуларынын бычакташкан окуялар катталган.(BkA)