Ак үй: Трамп чек ара дубалы үчүн Мексикага импорт салыгын киргизет

Доналд Трамп

АКШ президенти Доналд Трамп Мексика менен чек ара дубалынын курулушун каржылоо үчүн бул өлкөдөн импорттолгон товарларга 20% салык киргизүүнү сунуштайт. Ак үйдүн мындай билдирүүсү Мексика президенти Энрике Пенья Ньето АКШга пландалган расмий сапарынан баш тартканы тууралуу жарыялагандан кийин жасалды. Ал Трамп менен 31-январда жолукмак. Бирок кечээ АКШ президенти миграциялык саясатты күчөтүү менен катар Мексика менен чек арага дубал куруу тууралуу жарлыкка кол койгондон кийин эки өлкө ортосунда дипломатиялык чыңалуу пайда болду.

- Эгер Мексика Кошмо Штаттарга акыйкат, сый мамиле жасабай турган болсо жолугушуудан кажет жок. Мен башка жол менен барам. Андан башка айла жок, - дейт Доналд Трамп.

Бирок Ак үй Трамптын бул билдирүүсү азырынча так чечим эмес экенин эскертти. RK