Учак кырсыгы: эки баланы коргоо планы иштелип чыгууда

Султан Абакиров.

Учак кырсыгынан ата-эне, бир туугандарынан ажыраган эки баланы коргоо жана асыроо документтерин толтуруу боюнча өзүнчө план иштелип чыгууда. Бул маселе премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өткөргөн жыйында талкууланды.

Өкмөттүн маалыматына караганда, учурда 7 жаштагы Жакшылык Шералиев жана 8 жаштагы Султан Абакиров чоң ата, чоң энелеринин колунда.

Балдар катталган Чүйдүн Сокулук районунун жана Бишкектин Биринчи Май районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында аларды коргоо жана камсыздоо пландары түзүлүүдө.

16-январдагы учак кырсыгынан эки бала ата-энеси, бир туугандарынан ажыраса, үчөө энесин жоготкон. Алар азыр аталарынын колунда. Улуусу быйыл 17ге чыгат, эң кичүүсү 6 жашта. (RK)