Учак кыйраган жердеги тазалоо иштери 28-январь, ишемби күнү токтойт. Бул тууралуу өкмөттө өткөн жыйында айтылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, учурда ал жерде 8 даана атайын техника жана 50 адамдан турган куткаруучу бригада иштеп жатат.
Бүгүнкү күнгө карата айрым жерлердин үстүнкү катмары толугу бойдон алынып, атайын реагенттер менен тазаланды жана үстүнө кум, шагыл төшөлдү. Лайнердин калдыктары ташылып чыкты.
Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин адистери айылдагы аба таза экенин аныктады.
Кырсыктын кесепетинен жалпысынан 186 миллион сомдук зыян келтирилгени алдын ала эсептелинди. 26 үй жараксыз деген бүтүм чыгарылды. (RK)