Нарын шаар башчылыгына Эмил Алымкулов шайланды

Нарын шаары.

Нарын шаарынын мэри болуп Эмил Алымкулов шайланды. Бүгүн өткөн шайлоодо 31 депутаттан турган шаардык кеңештин 22 мүчөсү Эмил Алымкуловго, 8 депутат мурдагы мэр Рахат Адиевге добуш берди. Бир депутат баарына каршы экенин билдирген.

Мэрликке талапкерлер Эмил Алымкулов менен Рахат Адиев Социал-демократтар фракциясынын мүчөлөрү. Бирок шайлоого Алымкуловдун талапкерлигин Социал-демократтар башында турган көпчүлүк коалиция көрсөтсө, Адиевди “Республика-Ата Журт” башында турган оппозиция сунуштаган.

51 жаштагы Эмил Алымкулов буга чейин Ак-Талаа районунун акими, Нарын облусунун губернаторунун орун басары болуп эмгектенип келген.(BkA/MK)