"Ирисай" кенинин аукциону токтотулду

Иллюстративдик сүрөт.

Чаткалдагы "Ирисай" кенин иштетүү боюнча жарыяланган аукцион токтотулду. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча комитеттен кабарлашты.

Мындай чечим аукционду уюштурууда мыйзам бузуулар аныкталгандан кийин кабыл алынды. Аталган кен Беш-Арал коругунун аймагында жайгашкандыктан аукционду өткөрүү токтотулду.(BkA)