Бул тууралуу Жогорку Кеңеш жыйынында Башкы прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов билдирди. Анын айтуусунда, учурда мыйзамсыз менчиктештерилген беш объект мамлекеттик карамагына өткөрүлдү. Алар Нарындагы эки оорукана, Ош облусундагы эки оорукана жана Түптөгү оорукананын имараттары.
Токтогулов 38 объект боюнча териштирүү улантылып, сотто каралып жатканын маалымдады.
Муну менен катар өлкөдөгү саламаттыкты сактоо мекемелерине таандык 61 жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталган. Учурда анын 17си же 1 гектардан ашык жер тилкеси мамлекеттин карамагына өткөрүлдү.
Башкы прокурордун орун басары 107 медициналык объект мыйзамсыз ижарага берилгени аныкталганын кошумчалады.(BkA)