Назарбаев айрым ыйгарым укуктарын парламентке жана министрлерге өткөрүп берет

Нурсултан Назарбаев

Казак президенти Нурсултан Назарбаев айрым ыйгарым укуктарын парламентке жана министрлерге өткөрүп берип, өзүнүн ролун “жогорку арбитрге” айландырарын жарыялады.

Шаршемби күнү элге кайрылуу жасап ал конституциялык өзгөртүүлөрдү жана башка мыйзамдык актыларды ушул айда өзү түзгөн атайын топ иштеп чыкканын айтты.

Сунушталып жаткан долбоор боюнча парламент премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн тандоого укук алат. Азыр өкмөт башчыны президент дайындайт, парламент бекитет. Премьер тандаган өкмөт курамын президент бекитет.

Назарбаев белгилегендей, парламенттин өкмөттүн үстүнөн көзөмөлү күчөйт жана депутаттар министрлерге ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө укуктуу болот. Президент негизинен тышкы саясат жана улуттук коопсуздук маселелерин көзөмөлдөйт.

76 жаштагы Назарбаев Казакстанды 1989-жылдан бери башкарып келатат. (RK)