Назарбаев ыйгарым укуктарын бөлүшөрүн айтты

Нурсултан Назарбаев

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн парламентке жана өкмөткө берип, өзү “Жогорку арбитр” болорун билдирди.

25-январда теле аркылуу элге кайрылган Назарбаев ушул айда өзү бекиткен жумушчу топ Конституцияга жана башка мыйзамдарга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү иштеп чыкканын билдирди. Ага ылайык парламент өкмөт башчыны жана министрлерди шайлай алат.

Учурда Казакстандын премьер-министрин президент дайындап, парламент бекитет. Ал эми премьер өкмөт мүчөлөрүн аныктап, анын тандоосун мамлекет башчысы жактырышы керек.

Назарбаев жаңы өзгөрүүлөр министрлерге көбүрөөк ыйгарым укук берип, парламенттин өкмөттү көзөмөлдөшүнө шарт түзөөрүн белгиледи.

76 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1989-жылдан бери башкарып келет.