Баку шаардык соту өкмөттү кулатууга аракет жасаган жана улут, дин жана коомдук кастыкты козуткан деген айыптар менен оппозициянын бир нече өкүлүн абакка кести. “Мусулман биримдиги” кыймылынын лидери, теолог Талех Багирзаде жана анын орун басары Аббас Хусейнов 20 жылга эркинен ажыратылды.
Оппозициялык “Популярдуу фронт” партиясынын жетекчи орун басары Фуад Кахраманлы 10 жылга түрмөгө кесилди. Дагы он алты активистке 14,5 жылдан 19 жылга чейинки абак жазасы берилди.
Кахраманлыдан башка соттолуучулар 2015-жылдын ноябрь-декабрь айларында Бакунун четиндеги Нардаран айылындагы рейддер маалында кармалган. Рейд учурунда жети адам, алардын ичинде эки полиция кызматкери мерт болгон. Укук коргоочулар баш-аягы 80ден ашык киши кармалганын билдиришкен.