Казакстанда уюлдук телефондор каттоодон өткөрүлмөй болду

Казакстанда мобилдик телефондорду каттоодон өткөрүүнү талап кылган жаңы мыйзам иштей баштады. Бул тууралуу өлкөдөгү башкы байланыш компаниялары - Kcell менен Beeline кабарлады. Маалыматка ылайык, каттоодон өтпөгөн телефондор 1-июлдан кийин байланыш түйүндөрүнө кошула албай калат.

Бул эреже террорчулуктун алдын алуу үчүн киргизилгени кабарланды. Мындай мыйзам коңшу Тажикстанда да кабыл алынган болчу.