Дарыгерлерге маалымат берүүгө тыюу салган көрсөтмө жокко чыгарылды

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев дарыгерлерге маалымат берүүгө тыюу салган көрсөтмөнү жокко чыгарды. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты. Анда министр Батыралиев көрсөтмө даярдалып жатканда бир катар так эместиктер орун алганын белгилеген.

Министрлик мындай чектөө “Манас” аэропортунун жанына кулаган учак кырсыгына гана тиешелүү болгондугун жүйө катары келтирүүдө.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы дарыгерлерге маалымат каражаттарына комментарий берүүгө жана жумуш учурунда социалдык тармактарды колдонууга тыюу салган буйрукка кол койгону айтылган эле.

Мындан соң коомчулукта нааразылыктар жаралган. “Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо уюму Саламаттык сактоо министрлигинин жана Бишкек мэриясынын Саламаттык сактоо департаментинин үстүнөн сотко кайрыларын жарыялаган. Анда уюм министрликтин жарандардын эркиндигин жана маалымат алуу укугун чектеп жатканын айыптаган.(BkA)