Жалал-Абад: ири өлчөмдөгү ок-дары табылды

Жалал-Абад шаарынын тургунунан алынган ок-дарылар.

Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи шаарчасынын 45 жаштагы тургуну 24-январда кечке жуук шаардын борбордук көчөлөрүнүн биринде коомдук жайда мас абалда жүргөндө кармалган. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, текшерүү учурунда анын жанынан “АКС-74” жана “АКМ” ок атуучу куралдарына керектелүүчү ок-дарылар табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө ал катып койгон дагы башка ок-дарылары бар экенин айткан. Натыйжада жалпысынан 5,45 калибрдүү 600дөн ашык, 7,62 калибрдүү 15 ок алынды. Бул факт боюнча кылмыш иш козголду, тергөө уланууда. (RsK)