АКШ президенти качкындардын келишине тыюу салышы ыктымал

АКШ президенти Дональд Трамп.

АКШнын маалымат каражаттары президент Дональд Трамп 25-январдан тарта кеңири миграцияга каршы катаал чараларды кабыл аларын кабарлоодо. Президенттин жарыялана турган буйруктарына ылайык, качкындардын АКШга киришине жана Сирия, Ирак, Иран сыяктуу мусулман өлкөлөрдүн жарандарына Американын визасын берүүгө убактылуу тыюу салынат. “Рейтер” жана “Ассошиэйтед Пресс” агенттиктери жазгандай, мындай чектөө бир нече айга созулуп, бийлик өлкөдө тыкыр иликтөө жүргүзүп бүткөндө гана алынат.

Трамп бүгүн маанилүү билдирүү менен чыгарын 24-январда Твиттерге жазган. “Эртең улуттук коопсуздук багытында маанилүү күн болот. Бардык иштердин арасында биз дубалды курабыз”,-деп жазган Трамп.

Ал шайлоо өнөктүгү маалында мигранттардын агымын чектөө үчүн АКШ менен Мексиканын чегинде дубал курууга убада берген. Ошондой эле АКШга келүүнү көздөгөн мусулман өлкөлөрдүн атуулдарына карата миграциялык эрежелерди катаалдаштырарын билдирген.