Сирия боюнча Астана жыйыны орчундуу жыйынтык берген жок

Сирия оппозициясынын өкүлү Яхя ал-Ариди.

Сирия оппозициясынын өкүлү Яхя ал-Ариди.

Орусия, Иран жана Түркия Сириядагы ок атышпоо келишимин көзөмөлдөгөн механизм түзүүнү макулдашты. Бирок Казакстан борбору Астана шаарында өткөн бул эки күндүк жыйында Сирияда алты жылдан бери басылбай келаткан жарандык согуш боюнча саясий жөнгө салууда алгылыктуу жылыш болгон жок.

“Тынчтыктын сакталышына көз салуудан тышкары аталган үч кепил өлкө түрдүү чагымдарды алдын алууга аракеттенмей” болду.

Сирия боюнча кийинки сүйлөшүү БУУнун көмөгү менен 8-февралда Женевада өтөт.

Ок атышпоо келишими өткөн жылдын декабрынын аягында кабыл алынган. Сирияда 2011-жылы демократияны жактаган демонстранттарды күч менен басуудан кийин тутанган жарандык согушта азыркыга чейин жүз миңдеген кишинин өмүрү кыйылды. (RK)