АКШда катуу шамал 18 өмүрдү жалмады

АКШнын түштүк-чыгышында катуу шамалдын кесепетинен 18 адамдын өмүрү кыйылды. Каза болгондордун 14ү Жоржия штатында. Штаттын 7 округунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Набыт кеткендердин төртөө Миссисипи штатынан.

Катуу шамал 22-январга караган түнү катталган. (RK)