Ош: христиандар Ак-Буурага чөмүлдү

Рождество менен чокундуруунун (крещение) ортосундагы мезгил Святка деп аталат. Бул күнү христиандар чиркөөдө түнү менен сыйынып, ал эми таң эрте чоң сууга түшүп, чайынат. 

Бул жолку чокундуруу жөрөлгөсүнө Ош шаарындагы миңге чукул христиандар чогулду.

Христиан динаятчысы он чакты жаранга башынан ылдый суу куюп, калгандарына крест малынган сууну челектеп чачты.

Алар суу менен кошо жан дүйнөсү тазаланып, ишеними жаңырат деп ишенишет.

Христиандар ыйык суу бардык күнөөлөрдү жууп кетет деп билишет. Оору-сыркоодон алыс болсун деп балдарды да муздак сууга чайындырышат.

Кудайга сыйынып, үч жолу чокунган соң сууга башы менен үч жолу чумкуш керек.

Ош шаарындагы христиандардын майрамы андан ары Архангел Михаил чиркөөсүндө уланды.

Чиркөөнүн протоиерейи Виктор Реймген диний жөрөлгөнү баштан-аяк өзү алып барып, соңунда чиркөөгө чогулган жарандардын баарынын чакаларга куюлган сууларын "тазалап" берди. Бул күнкү сууну христиандар куюп алып сактап да коюшат.

Бишкектеги сууга чөмүлүү. 

Бишкектеги сууга чөмүлүү. 

Бишкектеги сууга чөмүлүү. 

Бишкектеги сууга чөмүлүү. 

Бишкектеги сууга чөмүлүү. 

Бишкектеги сууга чөмүлүү. 

Бишкектеги сууга чөмүлүү.