"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева өзүнүн жана фонддун атынан Дача-СУ айылындагы авиакырсыктан каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айткан. Ошондой эле 18-январда аталган фонд кырсыктан жабыркагандар үчүн акча которду.
Роза Отунбаева Кыргызстанды 2010-11-жылдары башкарган. 2010-жылы апрель окуясынан кийин өлкө оор абалда турганда жалпы элдик референдум аркылуу президент болуп шайланган. 2011-жылы президенттик шайлоодон кийин бийлигин Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген.(ZKo)