Чүй аймагында кырсыкка кабылган учак Turkish airlines компаниясына эмес, АСТ Havayolları фирмасына таандык болуп чыкты. Бул тууралуу аталган ишкананын Стамбулдагы башкы кеңсесинен “Азаттыкка” билдиришти.
Havayolları фирмасы 2004-жылы ачылган. 2008-жылы акцияларынын 21 пайызын Сауд Арабиялык Manara Investments Ltd фирмасы сатып алган.
2011-жылы Кытайлык HNA Group фирманын 49 пайызын алган. Ал эми 50,9 пайызы түркиянын “Даглар Чизмежи” ишканасына таандык. Ошондон кийин ACT Havayolları маркасы myCARGO болуп өзгөртүлгөн. Бул карго фирмасы дүйнөнүн ар тарабына кымбат баалуу буюмдарды, зыяндуу заттарды, тез бузулчу тамак-аштарды, жаныбарларды, гуманитардык жардамдарды ташыйт.
16-январь күнү Гонконг-Стамбул багытындагы "Боинг-747" учагы Чүйдүн Дача айылына кулап, 40 чамалуу адам көз жумду. Анын төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары айыл тургундары. (ElB\SE)