Жарандык коом адам укуктарына байланыштуу хартия кабыл алат

Форумга келген коомдук-саясий ишмерлер.

Бишкектин четиндеги “Ата Бейит” мемориалдык комплексинде бүгүн адам укуктарын сактоого чакырган форум өтүүдө. Анын жүрүшүндө адам укугун коргоо боюнча талаптар камтылган Жарандык хартияга кол чогултулуп жатат.

Бүбүйра Кыдыралиева, Өмүрбек Текебаев, Азиза Абдырасулова, Төлөкан Исмаилова, Равшан Жээнбеков жана башка коомдук, саясий ишмерлер катышып жаткан чогулуш бүгүн Чүйдөгү авиакырсыкта жана кечээ Орусияда аварияда мерт кеткен кыргызстандыктарды эскерүү менен башталды.

Катышуучулар бийликти адам укуктары жаатындагы эл аралык конвенцияларды, макулдашууларды урматтоого, аткарууга жана коргоого чакыруу максатында чогулушканын билдиришти.

Форумду Сөз эркиндигин коргоо комитети, “Бир Дүйнө - Кыргызстан” уюму, “Кылым шамы” коомдук фонду, “Азман” cтудиясы, “Республика” гезити жана Кыргызстан кинематографисттер бирлиги, жарандык активисттер уюштурууда. (SE\UEz)