Соцфонд кызматкерлери 10 миллион сомдой акчаны кымырып алганы маалымдалды

Бишкектин Биринчи Май райондук Социалдык фонд башкармалыгынын адистери 10 миллион сомго жакын акчаны кымырып алган деп шектелүүдө. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, аудит жыйынтыктары боюнча кылмыш иши ачылды.

Маалыматка караганда, 2014-2015-жылдар аралыгында ишкерлердин 11 миң 722 камсыздандыруу полисинен түшкөн акчалар сол чөнтөккө кеткен. Мындан мамлекетке келтирилген зыян 9 миллион 980 миң 930 сомду түзгөн.