Авиакырсыкта жабыркагандардын үчөө балдар

Чүйдүн Дача айылындагы авиакырсыктан жабыркаган беш кишинин үчөө балдар. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 7, 13 жана 15 жаштагы балдардын баары күйүктөн, баш жана омурткадан жараат алышкан.

Авиакырсыкта мерт кеткендердин саны 20дан ашты. 23 турак-жай зыян тартты. Курмандыктар саны дагы көбөйүшү ыктымалдыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кризистик абалдар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Мухамед Сваров билдирди.

Кырсык болгон жерде ыкчам штаб түзүлүп, куткаруу иштери уланууда. Окуядан улам Бишкектеги “Манас” аэропортунда каттамдар токтотулду.

Бүгүн, 16-январда эртең менен Боинг-747 үлгүсүндөгү жүк учагы Чүй облусунун аймагында кулап түшкөн. Гонконгдон Стамбулга бараткан учак май куюу үчүн "Манас" абамайданына конууга аракет кылган. Кырсыкка кабылган учак “Түрк аба жолдору” компаниясына таандык экени айтылууда. (SE)