Өкмөт өкүлдөрү кырсык болго жерге барышты

“Түрк аба жолдорунун” учагы кулаган жерге биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев баштаган өкмөт өкүлдөрү барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда окуя болгон жерде өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов жүрүүдө. Учурда куткаруучулар иштеп жатышат.

Бүгүн эртең менен Чүй облусунда түркиялык жүк ташуучу учактын кырсыкка кулады. Учак аэропорттун жанындагы дачалар жайгашкан аймакка кулаган. Учурда каза болгондордун саны 20дан ашты.(BkA)