Авиакырсыктан 10дон ашык адам набыт болду

Учак кулаган жер.

Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, Чүй облусунда түркиялык учактын кырсыкка кабылуусунан жалпы 16 адамдын каза тапканы аныкталды. Алардын алтоо жергиликтүү жашоочулардын жаш балдары. Ошондой эле учкуч мерт кеткен. Каза тапкандар жана жараат алгандар боюнча маалымат дагы такталууда.