БШК Бишкек мэрине талапкер болгон Абдылдаевдин арызын карады

Шайлоо (архив)

Шайлоо (архив)

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер болгон Нурдин Абдылдаевдин “мэр шайлоо протоколдорун жараксыз деп табуу” боюнча БШКга жолдогон арызын карады.

Жумушчу топтун беш мүчөсүнүн төртөө Абдылдаевдин арызын четке кагуу боюнча добуш берсе, БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова “каршы” добушун берди.

Отурумда Абдрахматова мэр шайлоосунун мыйзамдуу болушунан шек санап, ага Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов жана БШК мүчөсү Бахтияр Кадыровдун “мэр шайлоо учурунда Бишкек шаардык кеңештин сессиясы өткөн эмес” деп айтканын мисал келтирди.

Натыйжада "мэр шайлоо шаар кеңешинин сессиясында өтүшү керекпи" деген маселени парламент комитетинин кароосуна жөнөтүүнү сунуштады. Мындан башка мэрди шайлоо учурунда депутаттар добуш берген бюллетендерди карап чыгууну да демилгеледи.

Жыйынтыгында эки сунуш тең жумушчу топтун калган мүчөлөрү тарабынан колдоо тапкан жок. (SDz)